“В погоне за счастьем” киносундагы башкы каармандын ролун аткарган америкалык белгилүү актер Уилл Смит тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.
1) Уилл Смит – америкалык атактуу актер, продюсер, композитор, сценарист жана режиссер.
2) Актер 1968-жылы 25-сентябрда Филадельфияда төрөлгөн. Анын атасы жеке ишкер, апасы мектепте мугалим болгон. Ал учурда 55 жашта.
3) “В погоне за счастьем”, “Семь жизней”, “Люди в чёрном”, “Я — легенда”, “Я, робот” кинолору аркылуу дүйнө элине таанылып, карьерасы алга жылган.
4)Уилл Смит эки ирээт үйлөнгөн. Биринчи жубайы Шири Зампинодон бир уулу бар. Ал эми экинчи аялы Жада Пинкет менен Смиттин никеси көптөгөн түгөйлөр үчүн үлгү болгон. Бирок, бир нече күн мурун Жада күйөөсү менен 7 жылдан бери жашабаганын мойнуна алган. Жада Пинкеттин чачы аутоиммундук оорудан улам түшүп калган. Ошондуктан анын чачы жок.
5)Уилл Смиттин үч баласы бар. Алар — Джейден Смит, Трей Смит жана Уиллоу Смит.
6)Америка киноакадемиясы Уилл Смитке «Оскар» тапшыруу аземине жана уюмдун демөөрчүлүгү астында өткөн башка иш-чараларга барууга он жылга тыюу салган. Анткени актёр 2022-жылы «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземинде Крис Рокту жакка тартып жибергени үчүн ушундай жаза алган.
7) «Кинг Ричард» тасмасындагы Ричард Уильямстын ролу үчүн «Эң мыкты актер» номинациясында “Оскар”,»Алтын глобус» сыйлыктарынын, ошондой эле эки Грэмми сыйлыгынын ээси.
8) Уилл Смит Forbes журналынын Голливуддагы эң көп айлык алган актерлорунун тизмесинде алдыңкы орундарда.
9)Ал кызы менен » Я — легенда», ал эми уулу менен чогу “В погоне за счастьем” тасмасына тартылган.
10) Уилл Смит жалпысынан 375 киного тартылган.
11) Бою 1.87 сантиметр болсо, салмагы 89 килограмм.