Сокулукта 2003-жылы туулган Бектур кызы Наргиза дайынсыз болуп, изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Милицияга кыздын жакындары кайрылып, 13-мартта Сокулуктун Алтын-Ордо конушундагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын кабарлаган.
Белгилери: бою 145-150 сантиметр, көзү кара, чачы кара жана кыска, арык дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Башында кара жоолук, күрмө, кара түстөгү шым.