Чүйдө адам уурдоого жана коркутууга шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-сентябрда Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Искра айылында киши уурдоо фактысы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Териштирүү учурунда 2021-жылдын 17-сентябрь күнү болжол менен саат 21:00 чамаларында бейтааныш бирөөлөр 1990-жылы туулган М.А. аттуу жаранга карата күч колдонушуп, аны белгисиз тарапка уурдап кетишкени маалым болгон. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренеси (Киши уурдоо) боюнча катталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Чүй районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан изи сууй электе бул кылмышка шектелишип, 1994-жылы туулган М.И., 1995-жылы туулган Ж.Д. жана 1995-жылы туулган М.С. аттуу жарандар кармалышкан.
Териштирүү учурунда, шектүүлөр жабырлануучуну Чүй районунун аймагынын сыртына алып чыгышып, коркутушуп, 100 миң сом акча талап кылышканы маалым болгон. Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.