Өткөн жуманын аягы, 18-сентябрда Тажикстандан 2,4 тонна жүзүмдү аткезчилик менен алып келе жаткан жаран колго түштү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Баткен облусунун Лейлек районунун чек арачылары «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасын токтотуп текшергенде, 2,4 тонна жүзүмдү Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып келип жатканы аныкталган. Унаанын айдоочусу 1981-жылы туулган КРнын жараны А.К кармалып, тергөөгө тартылган.
Ошол эле күнү чек ара кызматкерлери курулуш жана тиричилик материалдарын алып өтүүгө аракет кылган Hyundai-Porter унаасын кармаган. Анын айдоочусу А.К. аттуу Кыргызстандын жараны экендиги аныкталган.