7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө агасы карындашына кол салган адамды атып өлтүргөн окуя боюнча сот чечим чыгарды

949

Милиция өткөн жылдын июль айында Чүй облусунда карындашын кордогон адамга ок чыгарган жаранды кармаган. Окуя 1-июль күнү Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында болгон. Анда милицияга эркек кишинин октон жаракат алгандыгы боюнча билдирүү түшүп, ыкчам-тергөө тобу ал жерден 48 жаштагы жарандын жансыз денесин табышкан. Жабырлануучу «Тез жардам» кызматы келгенге чейин каза болгон.

Бүгүн, 20-июнда Сереп Медиа маалымат агенттиги шектүүнүн бир тууган карындашы менен байланышканда, агасы 3 жылга эркинен ажыратылганын билдирген. Мындай чечимди кечээ, 19-июнда Чүй райондук соту чыгарган.

Карындашынын айтымында, агасынын ушул күнгө чейин убактылуу кармоочу жайда жатканы 2 жыл деп эсептелип, бирок дагы 1 жыл жаза өтөрүн айткан. Ал соттун мындай чечимине нааразы экенин айтып, облустук сотко кайрыларын билдирген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

950