Чүй облусунун аймагына аткезчилик спирт ичимдиктерин ташып келүү жолуна бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Акжол-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда тиешелүү жүктү коштоо документтери жок, Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз түрдө спирт ичимдиктерин алып келүү аракетине бөгөт коюлду.
Спирт ичимдиктери Кыргызстандын аймагына товарларга жамынып, 1 тонна өлчөмүндөгү атайын идиштерде ташылып келгендиги ачыкталган. Жыйынтыгында ташылып келген алкоголдун жалпы көлөмү 8 тоннага жакын болгон жүк менен Мерседес-Бенц «Отего» 1221 үлгүсүндөгү 2 жүк ташуучу унаа кармалган.
Товарлардын келип чыгышын жана мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иштери жүргүзүү пландаштырылууда.