7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрт жетекчи кызматтан бошотулуп, айрымдарына сөгүш берилди

751

Ыкчам өткөрүлгөн коллегияда төрт жетекчи ээлеген кызмат ордунан боштулса, алтоосуна тартип жазасы берилип, жаңы жетекчилер дайындалды.

Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарын аткарбагандыктары үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин начальниги милициянын полковниги Мирлан Ниязалиев, Биринчи Май РИИБдин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Улан Орозалиев, Биринчи Май РИИБдин начальнигинин орун басары милициянын полковниги Эрмек Момуналиев, Бишкек шаарынын ИИББнын КИБдин начальнигинин орун басары милициянын полковниги Улан Бектемишов ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

«Айтылган талаптарды аткарбагандыгы үчүн Бишкек ШИИББнын начальниги милициянын полковниги Азамат Ногойбаевге “катуу сөгүш” тартиптик жазасы, ал эми Бишкек шаарынын ИИББнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Кылычбек Жолдошовге, Бишкек ШИИББнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Данияр Рыскуловго, Бишкек ШИИББнын Кадрлар Бөлүмүнүн начальниги милициянын майору Айбек Ибраимовго “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” тартиптик жазасы, ИИМдин ички иликтөөлөр бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Таалайбек Турганбаевге, Бишкек ШИИББнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Улан Бердибаевге “катуу сөгүш” тартиптик жазасы жарыялансын»- деп берилет маалыматта.

Министрдин буйругу менен милициянын полковниги Тилек Тюкебаев Бишкек ШИИББнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Биринчи Май РИИБдин начальниги кызматына, милициянын полковниги Айбек Ажыбаев Чүй ОИИББнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматына, милициянын полковниги Талантбек Асаналиев Чүй ОИИББнын карамагында турган, Бишкек ШИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматына, милициянын полковниги Нурмат Давлетов ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун санариптик көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин начальнигинин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматына дайындалды. Ал эми Чүй ОИИББнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу милициянын полковниги Руслан Аралбаевге жана Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин начальнигинин кадр боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу милициянын подполковниги Мирлан Казымбековго жүктөлдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

752