Чүйдүн Ысык-Ата районунда кызганычтан улам бир нече жолу бычак менен жаракат келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-декабрь күнү Ивановка айылдык ооруканага Гидростроитель айылынын тургуну 1984-жылы туулган С.В. аттуу жаран бычактан бир нече жаракат алып, оор абалда түшкөн.
Бул факт Ысык-Ата РИИБне катталып, Кылмыш жаза кодексинин 37-122-беренесинде (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмышты 1967-жылы туулган Ш.С. аттуу жаран жасагандыгы аныкталган. Анда, ал жарандык жубайын кызганып, жабырлануучу менен байланышы бар экендигине шек санап, бычак менен бир нече жолу денесине сайып жибергенин айтып берген.
Жабырлануучу аялдын мурунку күйөсү экендиги аныкталган.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө амалдары улантылууда.