7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Максатка бөйрөгүн алмаштыруу үчүн операция жасоого 50 миң доллар керек

455

Ысык-Көл районунун тургуну Максат Картайгановго бөйрөгүн алмаштыруу үчүн операция жасоого 50 миң доллар керек болууда. Бул тууралуу анын жубайы билдирди.

Анын жакындары операцияга керектелүүчү каражатты толук табууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан улам кайрымдуу элден жардам сурайт.

Жубайынын айтымында жолдошу мындан 6 жыл мурун операция болгон жана ал убактан бери мезгил-мезгили менен менен медициналык кароодон өтүп, дарыланып турган.

«Ушул жылдын 17-ноябрь күнү үйдөн приступ болуп, ооруканага алпардык. Ал жактан шашылыш операция жасалды. Эки бөйрөгү тең чоңоюп, ыйлакчалар көбөйүп, суу толуп кетиптир. Доктурлар бөйрөгүнөн 320 грамм суу алып, ыйлакчаларды убактылуу тазалап койгондугун айтышты. Ошондой эле «болушунча эртерээк бөйрөгүн алмаштыргыла, антпесе гемодиализге түшүп калуу коркунучу чоң дешти». Бөйрөгүн алмаштырганга чейин бир нече этап менен жакшылап дарылануусу зарыл экен. Азырынча донор дагы табыла элек. Туугандардыкы дагы туура келбей жатат», — деди ал.

Алар тактаган маалыматка караганда, эгер донор табылып калса оперция Кыргызстанда жасалат жана 25 миң доллар каражат сарпталат, ал эми донор табылбай турган болсо чет өлкөдөн жасатууга туура келет жана 50 миң доллар каражат керектелет.

Жубайынын айтымында Максат Картайганов бир үйдүн тиричилигин кылып, камсыздай турган жалгыз тиреги болгон, эми минтип өзү элдин колдоосуна муктаж болуп турат.

«Жолдошум бир үйдүн жалгыз баласы. Атабыз да (ред: кайын атасы) өткөн жылы кайтыш болгон. Экөөбүздүн ортобузда төрт балабыз бар. Кичүүсүнө эми гана он ай толду», — деди жубайы.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

— Байланыш номери: 0708 18 61 18 (Кенжекуль Аликеева, апасы);

— Элсом: 0708 18 61 18 (Кенжекуль Аликеева);

— MBank: 0708 18 61 18 (Кенжекуль Аликеева);

— О! Деньги: 0708 18 61 18 (Кенжекуль Аликеева);

— Финка банк: 138 020 103 257 27 59;

— Optima Bank Multi: 121 202 011 404 71 34.

Ошондой эле 6-январда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда кайрымдуулук концерти өтөт. Концерттин уюштуруучулары «Добро Кей Джи» коомдук фонду. Кайрымдуулук иш-чарага Клара Алибекова, Байыш Момунов, Ильяз Абдразаков баштаган бир катар өнөр адамдары катышат. Концерт саат 18:30да башаталат.

Билет баасы 300 сом. Билет алуу үчүн төмөндөгү номурларга байланышууга болот: 0708 18 61 18; 0505 38 79 29.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

456