7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө бир нече адамдардан акча алып качып жүргөн шектүү кармалды

858

Чүйдө жарандардан акча алып изин жашырып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө алдамчылык фактысы боюнча ар кандай жарандардын 10дой арыздары катталган.

Өзүн «Фархад» деп тааныштырган адам ар кандай шылтоолор менен жарандардын ишенимине кирип, алардан ар кандай суммада акча алып, кийин акчасын кайтарып бербей качып кеткен. Шектүү жабырлануучулардан жалпы 588 миң сом жана 36 миң 700 доллар алган. Учурда келтирилген зыяндын жалпы суммасы такталып жатат.

Бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Кылмыш-жазык кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен катталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы фактыларга тиешеси бар делип 36-жаштагы К.Р. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалды.

Учурда сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

859