Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жумушчу сапарынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Ош мамлекеттик университетине барат жана бир катар өнөр жай объектилерин кыдырып, Ош шаарын өнүктүрүү программасы жана борбордук көчөлөрдөгү транспорттук тыгындарга жол бербөө максатында иштелип чыккан унаа жолдорун куруу долбоору менен таанышат.
Ошондой эле Акылбек Жапаров Ош шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча долбоору менен таанышмакчы.