Бүгүн, 21-декабрда президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдырахмановдун 120 жылдыгына арналган иш-чарага катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
Түз эфир 11:00дө башталып, КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой элек социалдык түйүндөрдүн баракчаларында чагылдырылат.