7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдөгү бир айыл таза суусуз калган. 16 жылдан кийин шектүү кармалды

364

Айылдардын бирин таза суу менен камсыздоого берилген акча каражатын өзүнө ыйгарып алган жаран кармалганын ИИМден билдиришти. Бул жаран өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга жана коротууга шектелип, издөөдө жүргөн.

Маалыматка караганда, 2004-жылы жаран “КВТ” ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн чечимине ылайык, бул ЖЧКнын директору болуп дайындалган. Ошол жылдын мартында Айыл  чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы айылдарды таза суу менен камсыздоо департаментинин тендердик комиссиясынын жыйынтыгы боюнча  “Таза-Суу” программасынын негизинде Жайыл районунун Кожомкул айылын таза суу менен камсыздоо тумумун курууга “КВТ” ЖЧК курулуш уюму тандалган.

2005-жылга чейинки мезгилде «КВТ» ЖЧК курулуш уюму Кожомкул айылына суу түтүктөрүн курууда бөлүнгөн акча каражатын өздөрүнө ыйгарып алган. Мунун негизинде Айыл  чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы айылдарды суу менен камсыздоо департаментинин тендердик комиссиясынын  жана  Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо жана курулуш институтунун текшерүү актысы боюнча жогорудагы курулуш уюму КРнын мыйзамдарынын нормаларын, эрежелерин одоно бузууга жол бергени аныкталган. Натыйжада Кожомкул айылындагы суу менен камсыздоо тутуму иштебей калган. Бул факты боюнча жалпы материалдык чыгым 8 миллион сомду түзүп, 2007-жылы ага издөө жарыяланган.  

Кармалган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу  же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.

Айыпталуучуга карата Биринчи май райондук сотунун чечими менен эч жакка кетпөө жөнүндө кол кат алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Тергөө жүрүүдө.

 

 

365