Бишкекте ден-соолукка жеңил жаракат келтирүүгө шектүү кармалганын Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-октябрда милицияга П.В. аттуу жаран кайрылган. Ошол эле күнү саат 17:00 чамасында кызганычтан улам эркек киши аны сабап, денесине залал келтиргендигин айтып, чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1969-жылы туулган В.В аттуу жаран кармалып, камакка алынган.
Учурда тергөө уланууда.