7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

732

 

Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй ОИИББинин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери буга чейин алдамчылык боюнча издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери боюнча ыкчам маалымат түшкөн. Жогорудагы маалыматты текшерүү максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 6-март күнү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жана Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен 1975-жылы туулган У.А. аттуу жаран кармалган. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, кылмышка шектүү жаран буга чейин бир нече кылмыштарга шектелип, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Кармалган жаран Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

733