7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызыл-Кыяда тымызын баңги зат сатып жүргөн жаран кармалды

450

Кызыл-Кыяда тымызын баңги зат сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя ШИИБнин банги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде ыкчам кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы Р.Мдин жанынан өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 3граммга жакын болгон гашиш наркотикалык зат табылып алынган. Аны сураган учурда Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы И.В. аттуу тургунудан алгандыгын билдирген.

Ыкчам кызматкерлер Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы И.В. аттуу тургунунун үйүнө тинтүү жүргүзгөндө 8даана целлофан пакетке оролгон өзгөчө жыты бар, күрөң түстөгү жалпы салмагы 69,5 грамм болгон зат табылып алынган. Табылып алынган затка экспертиза дайындалып, анын корутундусунда, наркотиканын “гашиш” түрү экендиги аныкталган.
Кылмышка шектүү кармалган Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы И.В. аттуу тургуну убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

451