Опера жана балет театрындагы жагдай боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болгон жагдай боюнча атайын комиссия түздү. Комиссиянын ишине бул тармакты билген адистер, юристтер, аудиторлор жана балет искусствосунун өкүлдөрү кирди.
Комиссия 10 жумушчу күндүн ичинде бул окуя боюнча эки тараптуу дыкат кароонун жыйынтыгы менен, театрдын жетекчилигине мындан ары чечимдерди кабыл алуу үчүн сунушун жөнөтөт.