7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Галина Байтерек: Президенттин атын жамынып билермандык кылгандар жоопко тартылат

472

«Акыркы убактарда медиа мейкиндигинде Президент Садыр Жапаровдун колдоосу астында иш алып барган делген адамдардан бир топ билдирүүлөр пайда болду. Бул адамдардын аттары ар кандай жаңжалдар менен чыр-чатактарда аралашып жүрөт. Буга байланыштуу, Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгү маалында эле „өз“ жана „жат“ деп бөлбөстүгүн билдиргенин эске салгым келет. Эч кимге эч кандай колдоо болбойт. Садыр Жапаровдун мындай позициясы азыр дагы өзгөргөн жок», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек.

Галина Байтерек баса белгилегендей, Мамлекет башчысынын аты менен макамына жамынган айрым жарандар мыйзамсыз, жол берилгис аракеттери үчүн өлкө мыйзамдарынын чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек.

«Мен бардык кыргызстандыктарды Президенттин атын жана макамын жаманатты кылган мындай адамдарга ишенбөөгө эле эмес, мындай окуялар тууралуу укук коргоо органдарына токтоосуз билдирүүгө чакырам. Бул нерсе мамлекеттик башка жогорку кызматтагылардын жана саясатчылардын колдоосуна жамынып жүргөндөрдүн баарына тиешелүү. Бул сыяктуу аракеттер — жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформаларга болгон чыныгы чагым. Президент Садыр Жапаров тарабынан жүргүзүп жаткан саясат, тескерисинче, ушундай мыйзамсыз иш-аракеттерден арылууга багытталган», — деп баса белгиледи Галина Байтерек.

Президенттин басма сөз катчысы Садыр Жапаровдун «ал тургай туугандарымдын бири мыйзам бузганы аныкталса, ал жоопкерчиликке тартылат. Кадр саясаты чиновниктер менен саясатчылардын туугандык байланыштары аркылуу эмес, кесипкөйлүк жана жоопкерчилик принциби менен жүргүзүлөт» деген сөзүн дагы бир жолу эске салды.

«Чындыгында, акыркы он жылда кыргызстандыктар мыйзам бузгандардын көптөрү бийлик чөйрөсүнөн баш калка таап алышканына көнүп калган. Анын үстүнө алар жогорку кызмат адамдарынын атын жамынып алып, кылмыш жасай беришкен. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, айрым жогорку мамлекеттик кызматкерлер өздөрү бир нече жолу кылмыш жасагандыгы үчүн кармалышып, соттолушкан. Алардын айрымдары дагы деле качып жүрүшөт, алар укук коргоо органдары менен эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан изделүүдө. Эми мындай туура эмес тажрыйбаны жок кылуу үчүн Кыргызстандын бардык жарандары биригиши керек. Чиновниктер, мамлекеттик кызматкерлер өз чөнтөктөрү же туугандары менен дос-тамырларынын кызыкчылыгы үчүн эмес, эл үчүн иштеши керек. Дагы бир жолу кайталайм, жүрүп жаткан жана пландаштырылган реформалардын бардыгы дал ушуга багытталган, эми бул аракеттердин баары ишке ашуусу үчүн жарандардын колдоосу өзгөчө маанилүү», — деп баса белгиледи Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек.

473