Кыргызстандын аймагында тыюу салынган Йакын инкар диний экстремистик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, диний экстремистик уюмдун 50дөн ашык мүчөсү кармалып алардын лидери катары иш жүргүзүп келген 1970-жылы туулган К. Н. аттуу жаран дагы кармалган. Ал буга чейин да Йакын инкар экстремисттик уюмдун мүчөсү катары соттолгондугу ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталган.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (Экстремистик уюмду түзүү жана каржылоо) негизинде кылмыштарыдын бирдиктүү реестрине катталган.
Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын инкар” агымынын лидери аталган агымдын мүчөлөрүн каржылап, окууларды уюштуруп турган. Ошондой эле Москва районунун аймагында жайгашкан бир нече даректерде жатаканаларды уюштуруп ал жерлерде тыюу салынган агымдын идеологиясын жайылтып жүргөнү аныкталган.
Кармалган жарандардын үйлөрүнө жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында бул уюмга тийиштүү ар кандай китептер, баракчалар, флеш-карталар, дептерлер, уюлдук телефондор жана DVD дисктер алынган. Алынган буюмдар боюнча тишелүү экспертизалар дайындылган.
Экспертизанын жыйынтыгында алынган далил буюмдар Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Йакын инкар” экстремисттик агымына таандык экендиги аныкталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында “Йакын инкар” экстремистик агымдын активдүү мүчөсү катары 4 адам кармалып убактылуу кармоочу жайга камака алынган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесиин (Экстремистик уюмду түзүү жана каржылоо) негизиндеги төмөндөгүлөр кармалды:
— 1970-жылы туулган К.Н., Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын инкар” кыймылынын лидери,
— 1981-жылы туулган А.Н., “Йакын инкар” кыймылынын активдүү мүчөсү.
— 1966-жылы туулган А.Ж., “Йакын инкар” кыймылынын активдүү мүчөсү,
-1992-жылы туулган С.А.,“Йакын инкар” кыймылынын активдүү мүчөсү,
— 1996-жылы туулган М.У., “Йакын-инкар” агымынын активдүү мүчөсү.
Ошол эле учурда бул жарандар даават жүргүзүү аркылуу тыюу салынган “Йакын инкар” уюмунун идеяларын жайылтып, үгүт иштерин жүргүзүп келишкен.
Учурда сот тарабынан Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго камакка алуу чечими каралып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.