7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргыз Республикасы» көчөсүндө курулуш иштери жүрүп жатат

630

Жалал-Абад шаарынын негизги көчөлөрүнүн бири болгон Кыргыз Республикасы көчөсүнүн эки тарабына тротуар куруу жана темир-бетон арыктарын жаткыруу иши жүрүп жатат. Анын алкагында тротуарга чыгып кеткен бир нече курулуш да буздурулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Тротуар мэриянын Жол башкармалыгы тарабынан жолдорду жамап-жасоого бөлүнгөн каражаттын эсебинен курулуп жатат. Ал эми темир-бетон арыктарды жаткыруу коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан жүргүзүлүүдө»,- деп берилет билдирүүдө.

Белгилей кетсек, быйыл Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүнө жалпысынан 6 чакырым темир-бетон арыгы жана тротуар курулат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

631