Ош облусунун Өзгөн районунда дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Коргон айылынын тургуну , 17 жашар Т. К. аттуу бала Супа жайлоосунда жайылып жүргөн мал жандыктарын кароо үчүн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Бул тууралуу ӨКМнин райондук бөлүмүнө 24-майда болжол менен түнкү саат 1.00дө баланын туугандарынан маалымат түшкөн.
Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөн райондук №53 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган. Куткаручуулар жеткенге чейин баланын жансыз денесин жергиликтүү тургундар табышкан.