7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө үйгө ууруга кирип акча уурдап кеткен шектүү кармалды

465

Чүйдүн Панфилов районунда милиция кызматкерлери үйгө ууруга кирип, 11 жаштагы кызды бычак менен корутуп, акча уурдап кеткенге шектүүнү кармады. Бул тууралуу облусту к милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Панфилов РИИБине каракчылык фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу дароо жерине жөнөтүлгөн. Анда 11-февраль күнү саат 14:00 чамасында Кайыңды шаарындагы жергиликтүү тургундун үйүнө медициналык беп кап кийген белгисиз адам кирген. Ал учурда үйдө жашы жете элек төрт бала жалгыз болгон. Үйгө кирген белгисиз адам 11 жаштагы кызды бычак менен коркутуп, акча жана баалуу буюмдар кайда сакталып тургандыгын көрсөтүүнү талап кылган.

Андан кийин бөлмөлөрдүн бириндеги капчыкты байкап, ал жерден акчаны алып, андан кийин изин жашырган. Окуя болгон учурда үйдүн кожойкеси үй-бүлөлүк маселелер боюнча белгисиз убакытка жок болгон.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө өндүрүш иши башталган. Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү делип 27 жаштагы Г.А. аттуу жаран кармалган.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

466