Москва районунда ден соолукка залал келтирүүгө шектүү кармалганын Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-октябрда 1979-жылы туулган жаран менен 2000-жылы туулган кайнисинин ортосунда чыр чыккан. Кайниси жездесинин башына балка менен чапкан.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 2000-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.