7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө кыргыз-өзбек унаа заводунун курулушу башталды

628

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ак-Суу айылында «Алтын Тулпар Унаа Курулуш» жеңил унааларды жана коммерциялык техникаларды кураштыруу жана чыгаруу боюнча жаңы заводдун курулушуна капсула салуу салтанатына катышты.

Куттуктоо сөзүндө бир тууган эки республиканын биримдигин чыңдоого зор салым кошкон эки мамлекеттин президенттерине ыраазычылык билдирди. «Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук мамиле жаңы деңгээлге чыкты. Өз ара сапарлар жүргүзүлүп жатат, бул биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү боюнча макулдашуулар менен ырасталган.

Мунун далили катары мына бүгүнкү жеңил унааларды жана коммерциялык техникаларды кураштыруу жана чыгаруу боюнча жаңы заводдун курулушуна капсула салынышы. Бул эки өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ долбоор», — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, заводду Кыргызстандын аймагында куруу боюнча макулдашуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2023-жылдын январында Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген. Алгачкы этапта заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миң автоунааны түзөт жана 1000ден ашуун туруктуу жумуш орундары түзүлөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

629