7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө мал багып жүргөн 13 жаштагы өспүрүмдү бычак менен коркутуп, тоноп кетишкен. Шектүүлөр кармалды

755

Чүй облусунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-апрелде Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кашка-Баш айылында каракчылык фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Аталган жерге Сокулук РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барып, саат 15:40 чамасында жергиликтүү 13 жаштагы тургунду жайлоодо мал багып жүргөн учурда, белгисиз адамдар келип, бычак менен коркутуп, телефонун тартып алышып, мамлекеттик номуру жок Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаасы менен изин жашырып кетишкени белгилүү болгон. Баланын атасы арыз менен кайрылган.

Аталган факты Сокулук РИИБге катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогоруда аталган фактыга шектүү делип 20, 27 жана 16 жаштагы жигиттер кармалган.  Шектүүлөрдүн экөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, андан кийин райондук соту тарабынан 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

756