Чүй облусунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-апрелде Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кашка-Баш айылында каракчылык фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Аталган жерге Сокулук РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барып, саат 15:40 чамасында жергиликтүү 13 жаштагы тургунду жайлоодо мал багып жүргөн учурда, белгисиз адамдар келип, бычак менен коркутуп, телефонун тартып алышып, мамлекеттик номуру жок Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаасы менен изин жашырып кетишкени белгилүү болгон. Баланын атасы арыз менен кайрылган.
Аталган факты Сокулук РИИБге катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогоруда аталган фактыга шектүү делип 20, 27 жана 16 жаштагы жигиттер кармалган. Шектүүлөрдүн экөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, андан кийин райондук соту тарабынан 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.