7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө «мефедрон» менен эки чет өлкөлүк жаран кармалды

691

УКМК тарабынан синтетикалык баңгизаттарды жеткирүү жана таратуу боюнча дагы бир каналга бөгөт коюлуп, эл аралык баңгизат кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды.

«Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылына жакын жерде, “Ак-Жол көзөмөлдөп-өткөрүү пунктту – Бишкек шаарынын унаа жолунда” 30 жаштагы жана 31 жаштагы эки чет элдик жаран кармалды. Алардын жанынан жалпы салмагы 2 кг 800 граммды түзгөн синтетикалык «мефедрон» баңгизаты алынды. Анын базар баасы 1 гр 6 миң сомго бааланып, Кыргызстандын аймагында кармалган баңги жүктүн баасы болжол менен 15 миллион сомду же 168 миң АКШ долларын түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган чет элдик жарандар тергөө амалдары бүткөнгө чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

 

 

 

 

692