7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө мыйзамсыз ок атуучу курал сактаган жаран кармалды

239

Жайыл РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан Алексеевка айылынын жашоочусунан ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.


Маалым болгондой, “Укуктук тартип” аталышындагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Жайыл РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан Алекссевка айылынын жашоочусу, 1965-жылы туулган К.В. аттуу жарандын үйүнөн Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы «Шпагиндин тапанча-пулемётуна» окшош ок атуучу курал табылган.


Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 252-беренесинде (Ок атуучу куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча катталды.


Азыркы учурда тергөө кызматы зарыл болгон экспертизаларды дайындап, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

240