Чүйдүн тургунунан мыйзамсыз сакталган курал-жарак жана ок-дарылар алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Д. аттуу жарандын деструктивдүү аракеттерине бөгөт коюлду.
“Аталган жарандын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүүнүн жыйынтыгында Симонов системасындагы ок-дарылары (7,62 мм.) менен карабин, Калашников автоматын (5,45 мм) патрондору жана 9 мм калибрдеги тапанчанын патрондору табылып, алынды. Ошондой эле атайын жабдыктар (рация, сигналдык тапанча), атайын жабдуулардын комплекттери (аскердик жүк түшүрүүчү жилет, бет кап, коргоочу каскалар), РГД-5 үлгүсүндөгү жасалма граната жана колго жасалган жардыргыч түзүлүштүн тетиктери табылган” – деп айтылат маалыматта.
Табылган жана алынган материалдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.