7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Самыйкожо анын ордуна башка бирөө «макул» деп добуш берип койгонун айтты

576

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо анын ордуна башка депутат желекти өзгөртүүгө “макул” деп добуш берип койгонун айтты.

Ал муну ким жасаса да жооп бериши керектигин билдирди.

“Эл менен жолугуп жүргөндө, бул маселе жашыруун түрдө Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип, жасалма жол менен өткөрүп койдуңар. Менин компьютеримен «макул» дегенди басып койдуңар. Ким басса да жооп бериши керек. Мен тууну өзгөртүүгө караманча каршымын. Кечээ да комитетке туунун авторлорун алып келген жоксуңар. Муну да алешемдик менен алдамчылык жол менен өткөрүп алдык. Элдин 90 пайызы каршы деп турат. Референдум болушу керек болчу. Мен көпчүлүктү урматтайм, сыйлайм. Бирок элди укпай койдук” — деди ал.

577