7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө окуучуларды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

453

Чүйдө окуучуларды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

13-март күнү Ысык-Ата районун Люксембург айылынан Ленин көчөсүндө жайгашкан Ваккер атындагы орто мектебинин жанындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан 4-класстын окуучуларын айдоочу сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жол кырсыгына шектүү делип 2000-жылкы жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Ал эми “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына токтотулду. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

454