7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине батир белек кылышты

523

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кошкоро Жаманкуловго Кара Балта шаарынан батир белек кылышты. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун мекеме, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин салымы менен үй алынган.

КРнын президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев ага үйүнүн ачкычын тапшырган.

Ачкычты тапшыруу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев, Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев, Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейиткулов жана башкалар катышты. Райондун акими күндүн баатырына ардактуу атуул наамы ыйгарылганын билдирди.

Экинчи дүйнөлүк согуштун майыпы, 1924-жылы туулган Кошкоро Жаманкулов учурда кичүү уулу, келини жана неберелери менен Суусамырда, Кайсар айылында жашайт.

Аксакалдын үй-бүлөсү чоң – жети баласы, 31 небереси жана 58 чөбөрөсү бар.

524