Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институнан билдирди.
Жер титирөө 28-февралда саат 19:15те орун алып, очогу Предтеченка айылынан 2 чакырым түштүктө, Кара-Балта шаарында, Бишкек шаарынан 45 чакырым түндүк батышта жайгашкан.
Жердин силкинүүсүү Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка, Сретенка, Кош-Дөбө жана Петровка айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.