Майлуу-Суу шаарынын прокурорунун кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү менен кезектеги жолугушуусу ачык диалог форматында өттү.
Иш-чаранын максаты — алардын ишмердүүлүгүнүн алкагында алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү, актуалдуу көйгөйлүү маселелерди талкуулоо, фискалдык жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз текшерүү фактылары боюнча өз убагында көзөмөл органдарына билдирүүнүн маанилүүлүгү.
Жыйындын жүрүшүндө Майлуу-Суу шаарынын прокурорунун жардамчысы Нурайым Катаганова, КР Башкы прокуратурасы тарабынан иштелип чыккан «Бизнести коргоо» мобилдик тиркемесинин, ошондой эле «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү каттоо» автоматташтырылган тутумунун презентациясы менен тааныштырды. Бул Кыргызстандын ачык жана отчёттуу бизнес чөйрөсүн түзүүгө умтулгандыгынын далили. Бул системалар ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен бирге, сот адилеттигине жетүү жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча кызматташуунун жана инновациялардын көрсөткүчү болуп саналат.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 9-январында “Ишкердик субъектилерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон, ага ылайык ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторий 2024-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
Жолугушунун соңунда шаардын прокурору Майлуу-Суу шаарынын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп жаткан бардык ишкерлерге ыраазычылык билдирип, текшерүүчү органдар тарабынан мыйзам талаптарын так аткарууну талап кылды.