Бүгүн, 27-октябрда таңкы саат 07:52лер чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун болжол менен 65-чакырымында жол кырсыгы катталып, эки адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, «Mercedes Benz C 180» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жолдун четиндеги бакты сүзгөн.
Кырсыктан эки адам мерт кетип, бир эркек киши жабыркаган. Жерине үч куткаруучу тартылып, маркумдардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаран жеке унаа менен Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген.