Бүгүн, 27-октябрда Бирикке Араб Араб Эмираттарында өтүп жаткан футболдук беттеште кыргыз-оман оюнчулары беттешет.
Такталгандай, оюн Бишкек убактысы боюнча саат 18:50дө башталат.
Учурда 23 жашка чейинки футболчулар арасындагы Азия кубогуна тандап алуу оюндары өтүүдө. Кыргызстандын курама командасы «Е» тайпасында жайгашкан.
Тандап алуу оюндарынын 1-турунда кыргыз футболчулары БАЭнин курама командасын 2:1 эсебинде жеңген.