Жалал-Абаддагы “Курманбек” стадионуна кичи футбол аянтча курулуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадиону буга чейин жумушчулардын жардамында суу түтүктөрү менен сугарылып келген. Мындай шартта газондорду сугаруу бир тарабынан ыңгайсыз болсо, экинчи тарабынан атайын жумушчу күчтү талап кылчу. Эми автоматтык түрдө сугаруучу жабдыктар орнотулуу алдында турат. Адистер автоматтык түрдө сугаруучу жабдыктар газондун астынан орун алып, сугаруу мезгилинде гана газондун бетине чыгат. Учурда ал үчүн атайын жабдыктар алынып, суу кампасы курулууда.
Андан сырткары стадиондун аймагында заманбап, кичи футбол аянтчасы да курулууда. Ошондой эле, стадиондо өтүүчү футболдук беттештерге, шаар тургундарынын машыгууларына ыңгайлуу болуусу үчүн стадион толугу менен жарыктандырылууда.
Стадиондо жүрүп жаткан курулуштардан шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жетекчилер кабар алып кайтты.
Белгилей кетсек, стадиондогу курулуштарды ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен 6 миллион 150 миң сом акча каражаты сарпталууда.