7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үч күн бою Бишкек менен Чүйдөгү жолдорго чектөө киргизилет

459

4-5-6-ноябрь күндөрү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Бул күндөрү Кыргызстанга Түркиянын президенти мамлекеттик сапары менен келгендигине байланыштуу чектөөлөр киргизилип турат.

Алар:

– «Манас» Эл Аралык Аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

– Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй кең көчөсүнө чейин;

— Чүй кең көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;

– Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

«Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз», дешти.

460