7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда айрым кызмат адамдарынын үйүндө тинтүү жүргүзүлдү

548

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын кызмат адамдарынын үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Үч-Коргон айыл аймагынын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүндө (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмыш белгилери боюнча иш козголгон.

Анын алкагында, ушул жылдын 15-октябрында УКМК жана Кадамжай райондук Прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте аталган кызмат адамдарынын жана бул кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн болгон А.А.Т., А.Д.А., З.Г.М. жана Н.И.Х. аттуу жарандардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында, аталган жарандардын жашаган жеринен ар кандай фамилияга берилген жер тилкелеринин документтери, анын ичинде айыл өкмөттүн токтомдорунун бланктары, 6 флеш-карта, 1 ноутбук, 2 рация, 1 дүрбү, 3 пневматикалык курал (1 тапанча, 2 мылтык) жана алардын ок-дарылар табылып алынган.

«Алынган буюмдар кылмыш ишинин материалдарына тиркелип, электрондук алып жүрүүчүдөгү маалыматтар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
УКМК жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жер тилкелерин бөлүштүрүүдө КРнын мыйзамдарын кошумча бузууларды аныктоо боюнча иштерди улантууда»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

549