5-июлда Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде кылмыш дүйнөсүндө “Чач” каймана аты менен таанымал жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«Ал ИИМдин “АБД-ТОР” каттоосунда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турат, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 2013-жылы Москва шаардындагы кыргыз диаспорасы үчүн “смотрящий” деп аталган. Уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад шаарындагы соода базарлардын ээлерине салык салууга аракет кылгандыгы аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө»,- деп берилет маалыматта.
Кармоо учурунда жеке тинтүүдө М.Э.М.ден 10 граммга жакын өзгөчө жыты бар “гашиш” заты табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Ошол эле учурда кармалган жаран баңгизатын колдонуу боюнча экспресс-тест текшерүүдөн өтүп, оң натыйжа берген. Ал УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.