7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чачка туура кам көрүү. Айымдарга пайдалуу кеңештер

845

Чач тууралуу кызыктуу фактылар

  • Чач тынымсыз өсөт. Түнкүсүнө салыштырмалуу күндүзү жана күз мезгилинде тез өсөөрү белгилүү.
  • Чоңдордо чач айына 15 мм өсөт.
  • Жалпысынан, орто эсеп менен адамдын башында 100-150 миң чач чыгып жана түшүп туруучу фолликулдар бар.
  • Нормага ылайык күнүнө 70-80 тал чачыбыз түшөт.
  • Чачтын үлгүсү аркылуу анын ээсинин жынысын аныктоо мүмкүн эмес.
  • Чач түшкөн сайын анын ордуна кайра башкасы өсүп чыгат, бул 20га жакын жолу кайталанат.
  • Чач адамдын организминдеги тез өскөн ткандардын бири.
  • Гиннес китебине кирген кытайлык айымдын чачынын узундугу 5,627 метр.
  • Адамдын бир тал чачы 100 грамм салмакты көтөрө алат.
  • Аялдардын чачынын тамыры эркектердикине салыштырмалуу териге 2 мм терең жайгашкандыктан, алардын таз болуу мүмкүндүгү төмөн.

Чач аялдын көркү. Ар бир эле аялзатын узун, жалтылдап турган жылмакай чач сулуу кылып көрсөтөт.

Бирок, узун чачты өстүрүш үчүн убакыт, эмгек керектелет. 17 жаштагылардын чачына жаштыктын өзү кам көрсө, 30 жаштан кийин аялдардын басымдуу бөлүгү чачтарын орто узундукта кармап, өздөрү кам көрө башташат.

Чачыңыз түшүп, ашыкча кургап айлаңызды таппай жатсаңыз, кулагыңызга күмүш сырга:

1. Азык-түлүк балансын сактаңыз

Бул жакта универсалдуу рецептин кереги жок. Ар бир адам өзүнө керектүү тамак-ашты тандап жей алат. Азык-түлүктүн балансын сактоо- ден соолукка пайдалуу. Ошондо гана чачыңыздын өсүшү активдешет. Ал үчүн витаминдер жана микро элементтер керектелет. Азыктар белокко жана кальцийге бай болушу керек.

Мисалы, күнүнө 300 грамм быштак жесеңиз, бир ай аралыгында сиз күткөн жыйынтык келет. Чачтарыңыз катуу, кайраттуу болуп анын сулуулугуна таасирин берет. Мындан сырткары көп суу ичип туруу сунушталат. Ден соолуктун абалы чачтын өсүшүнө түздөн-түз таасирин берет.

2. Чач тарачка убак-убагы менен каттап туруңуз

Учтары ача болгон чачтардан арылыңыз. Алгач жабыркаган чачтарды кесиңиз. Мындан ары бир канча айда бир жолу 3-5 миллиметрден кылып чачтын учун кыскартып туруңуз. Себеби, ача тартып чачтын көркүн бузат. Андай чеч өз сулуулугун жогото баштайт. Кээде ал чачтын түшүшүнө алып келет.

Мындайда туура тандалган шампунь көйгөйдү чече алат. Бирок, элдик ыкманы колдонсоңуз, капчыгыңызга пайда. Чачты жуурдан мурун учуна өсүмдүк майын сүйкөп, 5-7 мүнөт тыныктырып коюп кою керек. Анан жууп салыңыз.

3. Чач боектордон жана электрондук жабдыктардан оолак болуңуз

Фен, чач тармалдатуучу, түздөөчу электондук жабдыктарды аз колдонгонго аракет кылыңыз. Ал тургай баш тартыңыз. Алар чыныгы душмандар, анткени ысык -чачтын өсүшүнө тескери таасирин берет, табийгый жылтырак өңүн бузат. Ошондой эле курамында аммиак болгон чач боекторду колдонбоңуз.

4. Чөп кайнатмаларын жана эфир майларын колдонуңуз

Чачты ысык суу менен жуубаныз. Чайкап жатканда чөп тундурмаларын колдонуңуз. Эфир майларынан курамында цитрус болгонун колдонуу -абдан эффективдүү. Чачты мүмкүн болсо жыгач тарак менен тараган оң. Чачты өстүрүп жатканда өрүп же түйүп алуу керек. Кое берилген чачтар жабыркашы мүмкүн. Катуу резина жана чач тагынчактарын такыр колдонбоңуз.

5. Ар түрдүү маскалар менен дос болуңуз

Чачыңызга маска коюңуз. Кесипкөй маскаларды жана элдик ыкмаларды колдонуңуз. Алардын курамына көнүл буруңуз. Башыңызга укалоо жасатыңыз, бул чачтын өсүшүнө оң таасирин берет.

6. Муздак суу менен чайкаңыз

Башты жууп буткөндөн кийин сөзсүз түрдө муздак суу менен чайкап коюңуз. Бул нымдуулукту жоготуудан сактайт жана сергитүүчү касиетке ээ.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

846