7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
34°C

Жаңы окуу жылында бирдиктүү мектеп формасы талап кыланабы?

162

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Айбек Маткеримов бирдиктүү мектеп формасы боюнча билим жана илим министрлигинин оюн сурады.

Министрдин орун басары Надира Жусупбекова 2016-жылы окуучулардын кийимине сынак жарыяланып, тандоодон өткөн форма бирдиктүү мектеп формасы деп кабыл алынганын эске салып, окуучулар менен бирге мугалимдерди дагы бирдиктүү формага өткөрүү маселеси каралганын айтты.

“Пандемия убагынан тартып биз форма талап кылбай калганбыз. Бирок жаңы окуу жылында кайрадан бирдиктүү формага өткөнү турабыз. Аны алууга шарты жоктор класикалык формада мектепке келе беришет: үстү ак, асты кара”, деп белгиледи орун басар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

163