“Кыргыз темир жолунун” жаңыланган вагону бир айдын ичинде ишке берилет. Мекемеден билдиришкендей, модернизациялоодо вагондун конструкциялык бөлүгү өзгөргөн жок.
«Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн терезелери чоңойтулуп, панорамалык айнектер орнотулуп, сапардын ыңгайлуулугу үчүн кондиционер коюлду. Ошондой эле вагондо муздаткыч жана ичүүчү суу орнотулган», деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, вагонду жаңылоо ишкананын күчү менен жүргүзүлдү. Тыштан эч кандай инвестиция тартылган эмес.