Кызыл-Кыяда өзгөчө кырдаал режими алына элек. Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
«Шаардагы 27 турак үй жана 4 социалдык объект сел калдыктарынан тазаланды. Тазалоо иштерине 100дөн ашуун куткаруучу жана жалпы 9 техника тартылып, калган жайларды калыбына келтирүү иштери уланууда. Келтирилген чыгымдар такталууда», деп айтылат маалыматта.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына 18-июнь күнү нөшөрлөгөн жаандан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, «өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.