Бишкек шаарынын тар көчөлөрүнүн биринде жыгач терезелердин айнеги сынган, дубалдары көчүп, чалдыбары чыккан эски үйдүн алдында айтылуу сүрөтчү Гапар Айтиевдин таштан чегилген элеси турат. Анткени бул үй, Айтиев жашап өткөн, көзү өткөн соң уулуна мурас катары калтырылган турак жай.
Маданият, тарыхга жана улуу сүрөтчүгө кайдыгер эмес жергиликтүү тургун Гапар Айтиевдин үйүнүн абалына коомчулуктун көңүлүн буруп, министрлик эмне үчүн көңүл бурбай жатканына кызыккан.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирген маалыматка ылайык, бул үй мураскордун суранычы менен архитектуралык эстеликтердин тизмесинен чыгарылган. Ошондуктан мэрия же башка ведомстолук башкармалыктар ага кире албайт, үй жеке мүлк болуп эсептелинет. Ал эми чалдыбары чыгып эскиргендигинин себеби, мураскорлор ортосунда талаш-тартыш чыгып, иш Биринчи-Май райондук сотунда кароодо жатат.
Улуу сүрөтчүнүн үйү Бишкек шаарынын Ибриамов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Убагында бул жерге көп кабаттуу үй куруу үчүн көптөгөн курулуш компаниялар сатып алууга кызыктар болгон. Бирок, соттукиш бар экендигин уккан баш тартышкан.
Бишкек шаарынын башкы архитектуралык планынын негизинде бул жайга 2025-жылга чейин көп кабаттуу үй куруу каралып, планга киргизилген. Бирок, сөз болуп жаткан аймак жеке сектор катары сүрөтчүнүн уулуна таандык болгондуктан, маселе чечилбей келет.