OpenAI компаниясы чат-ботту колдонгон жашы жете электерди аныктоо үчүн ChatGPT кызматына жаш куракты болжолдоо функциясын киргизүүдө. Бул тууралуу компаниянын маалыматында айтылат.
«Биз ChatGPT’нин керектөөчүлөр үчүн тарифтик пландарына жаш куракты болжолдоо функциясын кошуп жатабыз. Бул аккаунт 18 жашка чыга элек адамга таандык экендигин аныктоого жана өспүрүмдөр үчүн тийиштүү коопсуздук чараларын камсыз кылууга жардам берет», — деп айтылат маалыматта.
Колдонуучунун жаш курагын аныктоо үчүн ChatGPT атайын моделди колдонот. Ал модель колдонуучунун жүрүм-турум белгилерин, аккаунттун ачылган мөөнөтүн, чат-ботту колдонгон убактысын жана колдонуучу өзү көрсөткөн жаш курагын талдап чыгат.
Ошону менен бирге, OpenAI эгер колдонуучу катачылык менен жашы жете электердин категориясына кирип калса, анда ал Persona инсандыкты текшерүү кызматы аркылуу өзүнүн сүрөтү менен жаш курагын тастыктап, ChatGPT’ге толук мүмкүнчүлүктү кайра ала аларын белгилейт.



