Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип кармалган төрт өспүрүм 19-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Ала-Бука райондук сотунун тергөө судьясы чыгарганын Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, окуя 18-сентябрда болгон. Чаткал районунун Жаңы-Базар аймагында 15 жаштагы Д.Р. аттуу өспүрүм ур-токмокко алынып, ооруканага жетпей каза болгон. Анын өлүмүнө шектелип И.М., Н.С., Н.К., Т.А. аттуу 17 жаштагы төрт өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.



