7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кашка-Баш айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулду

143

Бишкектин Кашка-Баш айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдайт.

Жалпы аянты 8 миң чарчы метрден ашкан заманбап билим берүү мекемесинин курулушу февраль айында башталган. Бүгүнкү күндө жууп-тазалоо жана эмеректерди орнотуу иштери жүрүүдө.

Мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу жана ыңгайлуу шартта окуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Анын аймагында эки футбол талаасы, волейбол жана баскетбол үчүн көп багыттуу спорт аянтчалары, алты тилкелүү чуркоо жолу жана жашыл эс алуу зоналары уюштурулган.

Кашка-Баш айылында бул — 30 жылдан бери курулган алгачкы жаңы мектеп. Мектептин пайдаланууга берилиши айылдагы балдар үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу билим алуу шарттарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

144