7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чаткалда экологияга 47 млн сом зыян келтирилген

442

Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Чаткал филиалынын жооптуу кызмат адамдары аянты 8,5 га түзгөн жайыт жерге токой чарбанын жоготууларын толтурбастан, «С.А.» ЖЧКсына убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктү мыйзамсыз беришип, мамлекетке 45,4 млн сом зыян келтирилген.

Аталган жаран ЖЧКсы тарабынан жер тилкеге лагерди орнотууда 10,4 га аянттагы жердин түшүмдүү катмары бузулуп, экологияга келтирилген зыян 2,4 млн сомду түзгөн.

Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

443