Чаткалда кар көчкү алдында калган 6 киши изделип жатканын ӨКМ кабарлады.
Окуя 14-октябрда Ак-Сай ашуусунда болгон. Ал жакка 14 киши дары чөп эндиктин тамырын казууга барып кайткан эмес.
Куткаруучуларга маалымат 16-октябрда түшүп, алар издөө иштеринде жолдон алгач 2 адамды, кечке маал 6 адамды аман-эсен табышкан. Кар көчкү алдында дагы 6 адам менен 17 баш жылкы калып кеткени айтылды.
ӨКМ учурда ыкчам штаб түзүп, издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.